Бир өңчөй мүчө

Википедия дан

Бир өңчөй мүчө - бирдей суроолорго жооп берип, сүйлөмдө бирдей милдет аткарып, бири бири менен байламталар же интонация аркылуу байланышкан сүйлөм мүчөлөрү.

Мисалы:

—Эмне үчүн бала адамга да, айбанга да, канаттууга да таттуу болуп калды экен?(бир өңчөй толуктооч)

—Тоо капталдай алма ,өрүк,кара өрүк ,бадам,шабдалы өсүп чыгат .(бир өңчөй ээ )

Бир өңчөй мүчөлөр үтүр менен ажыратылат .Бир өңчөй мүчөлөрдүн акыркысынан кийин үтүр коюлбайт .

Жалпылагыч сөз-сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрүн бириктирип ,жалпылап турган сөз .

•Эгер жалпылагыч сөз бир өңчөй мүчөлөрдөн мурда келсе ,жалпылагыч сөздөн кийин кош чекит (:) коюлат

М : Ал үчүн азыр эч нерсенин :байлыктын ,бийликтин ,мансаптын мааниси жок .

•Эгер жалпылагыч сөз бир өңчөй мүчөлөрдөн кийин келсе,жалпылагыч сөздөн мурун сызыкча (–) коюлат

М: Баласын да ,аялын да -экөөнү өзү менен бирге ала кетмек болду .

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]