Бишкектеги элдик үлгүдөгү балдардын «Ак Шоола» хору

Википедия дан

Бишкектеги элдик үлгүдөгү балдардын «Ак Шоола» хору - 1985-ж. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, хормейстер Г. Эсенгулова уюштурган.

Хордун катышуучулары ар кандай курактагы балдар, мектеп окуучуларын Репертуары элдик балдар ырларынан тартып, КМШ өлкөлөрүнүн композиторлорунун элге кеңири белгилүү ырларынан турат.

Кенже класстагы окуучулар үчүн сольфеджио сабагын окутуунун атайын программасын, жекече иштөөнүн (окутуунун) методикасын иштеп чыккан.

1993-ж. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана маданият министрлигинин чечими менен балдардын үлгүлүү хору,1998-ж. балдардын элдик үлгүдөгү хору деген наамдар ыйгарылган.

Хор өздүк көркөм чыгармачылыгынын кароо-сынактарына, бүткүл союздук балдар музыкасынын жумалыгына катышып, биринчиликти жеңип алган (1988).

Түркия элге билим берүү министрлигинин аттайын чакыруусу боюнча Анкара, Стамбул, Анталия, ошондой эле Англиянын, Германиянын шаарларында гастролдо болгон.

Түркияда (1994), Болгариянын Варна шаарында «Планеталар жаштыгы» (1996), Алматыда «Боз торгой» (1999) аттуу Эл аралык балдар хорлорунун фестивалдарына, сынактарына катышып, байгелерди жеңип алган.

«Россиянын алтын шакеги» деген ат менен Владимир, Суздаль, Вязники шаарларында концерт берген.

Ондогон элдик жана классикалык балдар ырларын Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын алтын казынасына жаздырган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.