Бишкек-Ош автомобиль жолу

Википедия дан

Бишкек-Ош автомобиль жолуКыргызстандын тундугу менен туштугун байланыштырат. Жол курулушу 1941-жылы башталган. 1941-жылы августка чейин Бишкек-Сосновка жана Кара-Суу-Ош болуктору курулган. Токтогул ГЭСи курулушунун башталышы менен жолду реконструкциялоо зарылчылыгы келип чыкты. Анткени бул жол аркылуу ГЭС курулушуна керек болгон техникаларды, жабдууларды ташып келууго ынгайсыз болгон. 1956-жылы август айында СССРдин Министрлер Советинин "Фрунзе-Суусамыр-Ош жолунун курулушу жонундогу" №518-чечими чыккан. Бул иш Бишкектеги №16 жол курулуш башкармасына тапшырылган. Сосновка айылында, Токтогул шаарчасында, Таш-Комур шаарында курулуш башкармалары тузулгон. Кара-Колдун аймагында ото татаал тоолуу участкаларында жол курулушу 1962-ж. 17-апрелинде башталып, 1964-ж. аяктаган. 1965-жылы уз.678 км болгон Бишкек-Ош автомобиль жолу толугу менен курулуп пайдаланууга берилген. 1995-жылы "Бишкек-Ош" автомобиль жолун ребилитациялоо долбоору тузулгон. Жолду реабилитациялоонун болжолдуу наркы 240 млн долларын тузгон. Бул долбоор 3 этапта (фаза) ишке ашырылган. 1997-жылдан Ирандын "Кейсон" компаниясы, "Суусамыр-Интер" кыргыз-турк биргелешкен ишканасы иштеген. Курулуш иштери учун Жапон Эл аралык кызматташтык банкы, Азия онугуу банкы кредит болгон. Жапон банкы берген кредиттин колому 27,98 млн АКШ долларын, Азия онугуу банкыныкы 50 млн АКШ долларын тузгон. Долбоордун 1-фазасы боюнча курулуш иштерин козомолдоого консультациялык кызматты Даниянын "Карл Бро Интернешнл" компаниясы жургузгон. Учурда жол курулуш иштеринде 3,5 минден ашуун адам эмгектенуудо.