Бишкек баатыр эстелиги

Википедия дан
Дареги VJG4+HC6, Бишкек

Бишкек баатыр эстелиги - Чуй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги үч метрлик эстелик. XVIII-кылымдагы кыргыз аскерлеринин кол башчысы - Бишкек баатырга арналат.

Биринчи жолу "Солто" жана "Бишкек баатыры" коомдук бирикмелери 2012-жылы Бишкек баатырдын эстелигин орнотуу тууралуу сөз кыла баштаган. Бирок эстеликтин ордун аныктоого мүмкүн болгон жок. [1]

Эстеликтин сүрөттөлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул колодон жасалган эстелик скульптор Адил Сейталиев тарабынан жасалган. [2] Айкел алдыга басып бараткан баатырды элестетет. Анын артында Бишкек шаарындагы үйлөрдүн схемасы жазылган чоң диск турат.

Эстеликтин ачылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2021-жылдын 14-апрелинде ачылды. Ачылышына Садыр Жапаров катышты.

«Мамлекет башчы өз сөзүндө бул окуянын шаар жана анын тургундары үчүн маанисин белгилеп, Бишкек баатырдын ысмы менен байланышкан тарыхый окуяларга токтолуп, анын кыргыз жерлерин чет элдик баскынчылардан бошотуудагы өзгөчө кызматын белгиледи». Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирди.[3]

  1. https://rus.azattyk.org/a/v-tsentre-bishkeka-poyavilsya-novyy-pamyatnik/31202854.html
  2. https://24.kg/obschestvo/187667_pamyatnik_bishkeku_baatyiru_nakonets_ustanovili_nospornuyu_nadpis_neubrali/
  3. https://vecher.kz/v-tsentre-stolitsi-kirgizstana-postavili-pamyatnik-bishkek-baatiru