Биялинов Алымбек Жусупович

Википедия дан

Биялинов Алымбек Жусупович - Биялинов (туурасы Биялиев) Алымбек Жусупович (25.1.1950-ж. туулган, Москва району, Петровка кыштагы) - экономика илимдеринин кандидаты, мамлекеттик ишмер.

  • Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөн (1972).
  • Эмгек жолун 1967-ж. Суусамыр орто мектебинде башталгыч класстарга орус тилинен сабак берип баштаган.
  • 1972-ж. Кыргыз мамлекеттик университетинде «Өнөр жай экономикасы» кафедрасында окутуучу,
  • 1978-91-жылдары Кыргыз илимдер академиясындагы Экономика институтунда кенже, ага жана жетектөөчү илимий кызматкер болуп эмгектенет.
  • 1991-жылдары Кыргыз Республикасынын министрлер Советинде экономикалык реформа боюнча референт, ошол эле жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын кеңешчиси,
  • 1992-ж. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасынын 1-орун басары,
  • 1994-ж. Кыргыз Республикасынын Экономика боюнча мамлекеттик комитетинде башкармалыктын начальниги, ошол эле жылы октябрда Кыргыз Республикасынын өкмөтүндө экономика жана базар экономикасы боюнча тышкы байланыштар жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы,
  • 1996-ж. Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары,
  • 1997-ж. Кыргыз Республикасынын Финансы министринин 1-орун басары болуп дайындалган.
  • Андан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде консультант, мамлекеттик «Буудай» ишканасынын бөлүмүндө начальник, «Солемар» ачык акционердик коомунда аткаруучу директор болуп эмгектенген.

2007-жылдан Кыргыз Республикасынын коопсуздук кеңешинде кеңешчи, башкы инспектор болуп иштеп келе жатат. Бардык мамлекеттик кызматтарда иштеген мезгилдерде өзүн жогорку квалификациядагы экономист катары көрсөтүп келди. Анын катышуусу жана жетектөөсү менен базар экономикасына өтүүнүн Республикалык программасы, Мамлекеттик менчиктештирүүнүн эки концепциясы, индикативдүү пландоого өтүү боюнча методологиясы жана башка экономикалык реформа боюнча маанилүү сунуштар даярдалган.

Тажырыйбалуу жогорку категориядагы экономист катары Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдарга (Бүткүл дүйнөлүк соода, Эл аралык валюта фондуна, Бүткүл дүйнөлүк банкка, Бажы союзуна) мүчө болуп киришинде жолдомолорду көрсөткөн. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги (2010). Чал уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9