Благовещенск
Благовещенск — Россия Федерациясындагы шаар (1858-жылдан). Амур облусунун администрация борбору. Амур дарыясына Зея дарыясын куйган жердеги порт. Темиржол бекети. Калкы 217,7 миң (2005). Машина куруу (тоокен жана алтын өнөр жайы үчүн жабдуу, кеме куруу жана башка заводдор, электр приборлор өндүрүшү), жыгаччылык, жеңил, тамак-аш өнөр жайы, 4 ЖОЖ, 2 театр, крайтаануу музейи бар. 1856-ж. Усть-Зейский аскер порту катары негизделген.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4