Благонравов Анатолий Аркадьевич

Википедия дан

Благонравов Анатолий Аркадьевич (20. 5(1. 6). 1894-4 2. 1975) - механика боюнча советтик илимпоз, СССР ИАнын акад. (1943), артиллериянын ген. -лейтенанты, эки жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры (1964; 1974), РСФСРдин илимге жана техникага эмгеги сиңирген ишмери (1940).

1937-жылдан КПССтин мүчөсү. 1916-ж. Петроград политех, институтун, Михайловск артилл. окуу жайын, 1924-ж. Жогорку артилл. мектебин жана 1929-ж. Аскер-тех. академияны бүтүргөн. 1929-46-ж. Москвадагы Дзержинский атындагы артилл. академиясында окутуучу (1938-жылдан профессор ), 1946-ж. СССР Жогорку билим берүү министрине орун басар, 1953-жылдаж Машина таануу институтуна директор, 1957-63-ж. СССР ИАнын Тех. илимдер бөлүмүндө акад. -секретарь. Благонравовдун негизги эмгектери механикага жана аскер куралдарына арналган. Эл аралык астронавтика академиясына анык мүчө, СССР Мамлекеттик сыйл. (1945), Лениндик сыйл. (1960) лауреаты. Беш Ленин ордени, башка 5 орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.