Блас Рока

Википедия дан

Блас Рока, Рока Блас (өз аты-жөнү - Франсиско Вильфредо К а л ь-дерио, 1908-ж. т. ) - Кубанын жумушчу кыймылынын ишмери.

1929-жылдан профсоюздук кыймылга катышып, Куба коммунисттик партиясына (ККП) өткөн. ККП Орьентө провинциялык комитетинин (1930), Гавана шааркомунун секретары, ККП БКга, саясий бюросуна жана секретариатына мүчө (1933). 1934-61-ж. Компартиянын (1944-61-ж. элдик-социалисттик партия) ген. секретары. 1961-жылдан Кубанын Бириккен революциячыл уюмдарында, Кубанын Социалисттик революциясынын биримдик партиясында жетекчи кызматта. 1965-жылдын октябрынан ККП БКнын, анын секретариатынын мүчөсү жана ККП БКнын Конституциялык комиссиясынын председатели.

Теориялык, саясий эмгектердин, алардын ичинде "Кубадагы социализмдин негиздери" деген китептин (1943, орусча котормосу 1961-ж. чыккан) автору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.