Блефарит

Wikipedia дан
Internal hordeolum.jpg

Блефарит (лат. blepharitis байыр -грек. βλέφαρον — «көздүн кабагы») — көз жапкагынын (четтеринин) сезгениши.

Себеби[оңдоо | булагын оңдоо]

Блефаритке жетишсиз тамактануу, аз кандуулук, ичеги карын жолдорунун оорусу, көзгө чаң, шамал дайыма таасир эткенде, алыстан жана жакындан начар көрүүдө, астигматизмде көз айнек кийбей жүрүү түрткү берет. Анда көз жапкагынын чети кызарып, кирпиктердин түбү шишийт, майда агыш боз же сары какачтар каптайт. Кирпик түшөт, топтошуп же көздү карай кайрылып туура эмес өсүп, көздү өйкөйт. Оору көпкө созулуп, кычыштырат, көз тез талыйт, жарыкты сүйбөйт.

Дарылоо[оңдоо | булагын оңдоо]

Блефаритти алдын алуу жана дарылоодо барыдан мурда үйдөгү жана жумуштагы гигиеналык шартты жакшыртуу организмди чыңдоо, түрдүүлөп жакшы тамактануу, көздүн оптикалык жетишсиздигинде көз айнек тагынуу зарыл. Көз жапкагынын ооруларында врачка кайрылуу керек. Догдур сунуш кылган дары майды айнек таякча менен сыйпоо талапка ылайык. Кээ бир учурда көз жапкагына массаж жасоо жакшы таасир берет. Аны догдур жасайт.

Дары-дармектерди тандоо[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Белгиленген тизме бирдиги
  • Эритромицин, көз майы 0,5 % 3—4 жолуу суткасына.
  • Гентамицин, көз майы 0,3 % 3—6 жолуу суткасына
  • Хлорамфеникол, көз линименти 1 % 3—5 жолуу суткасына

Альтернативалуу дары-дармектер[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Ципрофлоксацин, көз тамчысы 0,3 % 2—5 жолуу суткасына.
  • Офлоксацин, көз тамчысы 0,3 % 3—6 жолуу суткасына.
  • «Макситрол», көз майы (неомицин 3,5 мг/г + полимиксин 6 миң. ЕД/г + дексаметазон 1 мг/г) жолуу суткасына.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8