Мазмунга өтүү

Блонский Павел Петрович

Википедия — ачык энциклопедия
Блонский Павел Петрович
Павел Петрович Блонский
Толук аты-жөнүПавел Петрович Блонский
Төрөлгөн26.5.1884 (14)
Киев
Көз жумган15.2.1941
Маскөө
МектепДиалектикалык материализм
Кызыккан темаларАнтикалык философия, Психология, Педагогика

Павел Петрович Блонский (1884–1941) – педагог жана психолог, педагогика илимдеринин доктору (1935).

Педологиянын эң алгачкы теоретиктеринин бири. Коомдук тарбия академиясын түзүүгө катышкан жана аны жетектеген. Блонскийдин баштапкы чыгармалары тарыхый-философиялык жана тарыхый-пед. өнүттө болгон. Эмгекке жана политехнизмге негизделген массалык толук эмес орто билим берүүнү баланын коом мүчөсү катары калыптанышынын башкы фактору катары негиздеген. Анын бул эмгектери СССРдеги мектеп системасынын курулушунда теоретикалык-педагогикалык негиздемелердин бири катары кабыл алынган.

Блонскийдин түрдүү курактагы балдардын табияты жана аларды тарбиялоо, окутуунун өзгөчөлүктөру жөнүндөгу көз караштарын “Педология” (1934; 2-чыгарылышы, 1936) окуу китебинде жалпылаган. Ал эми «Психологиялык очерктер» (1927) аттуу китебинде психологиялык турмуштун келип чыгышы жана өнүгүшү психологиялык ишмердиктин түрдүү денгээлдери катары чечмелеген.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,