Блэкпул шаары

Википедия дан
Блэкпул

Блэкпул шаары - Улуу Британиядагы шаар. Англиянын түндүк-батышында жайгашкан (унитардык аймактык түзүлүш статусуна ээ). Калкы 142 мин (2002). Ирланд денизиндеги порт. Темиржол бекети. Эл аралык аэропорту бар (анын ичинде вертолёт аркылуу шельфтеги бургулоо платформалары менен байланышат). 14-кылымдагы Пул кыштагы 17-кылымдан блокпул аталат. 18-кылымдан климаттык курорт. 1876-жылдан шаар статусуна ээ. 1904-74-ж. шаар-графтык. Белгилүү жерлери: «Алтын миля», «Үч пирс» (дениз причалы, мурда шаардагы бай жана кедей кварталдары), «Мунара» (бийикт. 155 м, Эйфелева мунарасынын көчүрмөсү, 1894-95). Гранди көркөм галереясы, цирк, океанариум, зоопарк бар. Экономикасында тейлөө чөйрөсү басымдуу; курортторунда 12 минден ашык адам эмгектенип, жылына 7 млндон ашык турист (негизинен Англиянын түндүгүнөн жана Шотландиядан) келет. Лейбористтик партиянын съезддери, профсоюздар конференциясы, ярмарка, фестивалдар өткөрүлүп турат. Автомобиль [«Ягуар» («Jaguar»)] жана кондитер (торт, пирожное) өнөр жайы бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]