Богазкей архиви

Википедия дан

Богазкей архиви - Байыркы Хетт мамлекетинин эски борбору Хаттусас-тын ордуна салынган Богазкей (Турцияда) шаарынан табылган архив.

Анда көбүнчө хеттче жазуусу бар 15 миңден ашуун чопо буюм сакталган. Саясий жана тарыхый мазмундагы кээ бир тексттер аккад тилинде, ал эми ритуалдык текст үзүндүлөрү Байыркы Кичи Азиянын башка байыркы тилдеринде жазылган. Богазкей архивинде падышалык анналдар, хроникалар, указдар, бүтүмдөр, падышалардын тизмеси, дипломатиялык каттар, мыйзам маалыматтары, сот токтомдору, диний тексттер, шумер-аккад-хетт сөздүктөрү ж. б. бар. Алардын көпчүлүгү б. з. ч. 14-13-кылымга таандык.

Богазкей архивин 1906-12-ж. Г. Винклер таап, археол. казууларды жүргүзгөн. Азыр да изилдөөлөр жүрүп жатат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.