Богардык

Википедия дан

Богардык (кайрак) жер иштетүү - (тажикче-бахар, фарси тилинде-бехар, «жаз» маанисин туюнтат) кайракы, жасалма сугарылбаган жер иштетүү. Көбүнчө дан эгиндерин өндүрүү багытындагы ирригациялык жер иштетүү. Кыш жана жаз мезгилиндеги жаан-чачынга ылайыкталып, негизинен Азия аймагына таандык. Мындай жер иштетүү маданияты Орто Азия аймагында 10-к. белгилүү болуп, жогорку деңгээлде өнүккөн. Иран, Афганистан Алдыңкы Азиянын башка жерлеринде белгилүү болгон. Атайын сугарууну талап кылбаган эгин өндүрүү жаздык эгин (богара), күздүк эгин (терамси) деп экиге бөлүнөт. Мындан сырткары, таруу, күнжүт, дарбыз, апийим жана башкалар айдалат. Мындай жер аянттарын кийинки жылдары түшүм мол болуш үчүн бууландырууга (дем алдыруу) калтырып коюшкан. Өткөн замандарда жер кыртышы эрозияга кабылбаш үчүн капталынын айдалган талаага жер семиркичтер чачылган эмес.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]