Богданова Медина Искандеровна

Википедия дан
Богданова‎»‎ барагынан багытталды)

Богданова Медина Искандеровна (1908, Бухара — 1962, Москва) адабиятчы, Борбордук Азия элдеринин адабияттары боюнча көрүнүктүү адис. Орто Азия мамлекеттик университетинин (САГУ) Чыгыштаануу факултьетинин бир эле учурда эки бөлүмүн (түрк жана иран) бүтүргөн. Горький атындагы адабият институтунда иштеп жүргөндө Улуу Ата Мекендик согуш башталып, белгилүү адабиятчы-окумуштуулар: В. М. Жирмунский, П. Н. Берков жана башкалар менен кошо Кыргызстанга келип, Кыргыз ССР ИАнын фольклор жана «Манас» секторун жетектеген. Анын илимий иштеринин көбү кыргыз адабияты менен байланыштуу. Орус тилинде кыргыз адабиятынын туңгуч очеркин, улуу акын Токтогулдун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө монография (1960) чыгарган. Кыргыз фольклорун биринчи классификациялаган. «Манас» эпосун изилдөөдө Богданованын «Кыргыздын баатырдык “Манас” эпосу жөнүндө» деген эмгеги негизги иштеринин бири болуп эсептелет. Ж.Таштемиров, Б. Керимжанова, Б. Маленов, К. Иманалиев, Ш. Үмөталиев, М. Борбугулов, Р. Кыдырбаева сыяктуу окумуштууларга илимий жетекчи болуп, кыргыз адабият изилдөөчүлөрүн тарбиялоодо да зор эмгек сиңирген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]