Богданов Семен Ильич

Википедия дан

Богданов Семен Ильич (17(29). 8. 1894-12. 3. 1960) - бронетанкалык аскер маршалы (1945), эки жолу Советтик Союздун Баатыры (1944, 1945).

1942-жылдан КПССтин мүчөсү. 1915-жылдан армияда, 1-дүйнөлүк согушка катышкан, прапорщик (1917). 1918-жылдан Советтик Армияда. Москвадагы жогорку ас-кердик-педагогика мектепти (1923), "Выстрел" курсун (1930), Аскер академия-сындагы механикалаштыруу жана моторлоштуруу курсун (1936) бүтүргөн.

Улуу Ата Мекендик согушта танкалык аскерлерге командачы. Корсунь-Шевченко, Белорус, Висла-Одер, Чыгыш Померания жана Берлин операциялары-на катышкан. 1956-жылдан отставкада. СССР Жогорку Советине (2-4-шайл. ) депутат. Ленин ордени, 4 Кызыл Туу, 1-2-дараж. Суворов ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.