Богемия айнеги

Википедия дан

Богемия айнеги, чех айнеги Чехияда (Богемияда) өнүккөн көркөм промысел; ошол промыселдин буюмдары. 14-15-кылымдан белгилүү. Аны жасоо 16-кылымдын аягынан император Рудольф 2 нин тушунда айнекке кесип сүрөт түшүрүү техникасы иштелип чыккандан баштап жакшы өөрчүгөн. Богемия айнеги 17кылымдын экинчи жарымында барокко мезгилинен кеңири белгилүү, ал учурда кыр чыгарылган чех хрусталы жасала баштаган. Азыркы богема айнегине салт болуп калган кыр чыгаруу ыкмалары менен катар, түс, тунуктук жана фактуралык натыйжа бере турган башка пластикалык айкын формалар мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]