Богорстон
Jump to navigation
Jump to search
Богорстон - геноним. Элдик санжыра боюнча Долон бийден - Ак уул, Ак уулдан - Тагай, Тагайдан - Богорстон, Богорстондон - Эштек, Эштектен - Солто уруусу тарайт. Генонимдин адепки формасы «бага + арстан» болуусу ыктымал. «Бага» термини байыркы кыргыздардын «топ», «уруулук бирикме», «аймак» маанилерин түшүндүрсө, анда геноним «арстандар уруулук бирикмеси, тобу, уруусу» дегенди туюнтары анык.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- О.Каратаев, С.Эралиев. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк.Бишкек. "Бийиктик" - 2005-ж. ISBN 9967-13-159-4