Бозек

Википедия дан

Бозекэтноним. ''Манас'' эпосунда «Бозек менен Шаңкай бар, Ойрон кылды баарысын Оңолбогон далай бар» (Курама варианты, 1. 165)— делип Б-тер кыргыздарга коңшу эл катары сүрөттөлөт. Б. тууралуу каракалпак элинин санжырасында кездешет. Каракалпактардын кай бир урууларынын аттары ''Манас'' эпосунда аталышы бекер эмес, кыргыздар менен каракалпактардын санжыраларында 20дан ашуун чоң жана майда уруулардын аттары бирдей экенин көрүүгө болот (к. Каракалпактар). Б-тер түндүк Кавказда жашап турушкандыгы ногой элинин санжырасында да кездешет. Ногойлор болсо кыргыздар менен этникалык байланышы болгон эл (к. Ногойлор). Ошентип, Б. этнониминин «Манаста» чагылдырылып калышы каракалпактар менен кыргыздардын жана алардын курамындагы уруулардын туугандык жана тыгыз карым-катнаштарынын негизинде десек болот. Бул мамилелер Ордо кандыгынын тушунда же болбосо 13 — 15-кылымда болуп өткөн. Биздин божомолдо кыргыздар Орто Азия чөйрөсүнө келгенден кийин, алардын кай бир бөлүктөрү Алтын Ордонун курамында болгон. Мына ошол убактагы окуялар көркөм түрдө ''Манас'' эпосунда сакталып калганын Б-тердин мисалынан көрүүгө болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4