Бозе-эйнштейн статистикасы

Википедия дан

Бозе-эйнштейн статистикасы бозон системасына колдонулуучу кванттык эсептөө. Аны 1924-ж. индия окумуштуусу Ш.Бозе сунуш кылып, А. Эйнштейн өнүктүргөн. Квант механикасында бөлүкчөлөрдүн системасынын абалы анын координаталарына жана спиндерине карата толкун функциясы аркылуу түшүндүрүлөт. Анда толкун функциясы бирдей бөлүкчөлөрдүн ар кандай түгөйүнүн орун алмашуусуна карата симметриялуу. Мындай толкун функцияларына квант абалын сандарга толтуруу чектелбейт, башкача айтканда бир эле кванттык абалда каалаган сандагы бирдей бөлүкчөлөр болот. Ал өтө суюлтулган газда Больцман статистикасына өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]