Бозжалпак тоосу

Википедия дан

Бозжалпак тоосу - Борколдой тоосунун түштүк-чыгышында. Батышы менен түндүгүнөн Борколдой, Баралбас өрөөндөрү, түштүгүнөн Бозжалпак ойдуңу менен чектешет. Чыгышы Карабел (түштүк) жана Миңтеке (түндүк) өрөөндөрүн бөлүп турат. Узундугу 38 км, туурасы 6–12 км. Орточо бийиктиги 4100 м, эң бийик чокусу 4447 м (Бозжалпак суусунун башталышында).

Асимметриялык түзүлүштө: түштүк капталы тик, кыска; түндүгү жантайыңкы. Эки капталында тең тепши сымал туюк өрөөндөр бар. Кыр бөлүгүндө байыркы түздүктөрдүн калдыктары кездешет. Төмөнкү жана ортоңку карбондун сланец, акиташ тектеринен түзүлгөн. Тоонун түштүк капталы каксоо; тик капталдуу аскалардын этегинде, эшилген шагыл кумдарда баялыш, чекенде, түндүк капталында (3200–4000 м бийиктикте) кара-күрөң топуракта каракыяк, теңиртоо бетегеси, шыбактуу доңуз сырты, жылгын жана башкалар; андан жогору (4000–4300 м) субальп жана альп өсүмдүктөрү (бетеге, теңиртоо чыйпылдагы, таракбаш, боз терескен, кылкандуу күдүү, айгыржыгар жана башкалар) өсөт. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]