Бозучук

Википедия дан

Бозучук, Ново вознесеновка Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы кыштак. Бозучук айыл өкмөтүнө караштуу. Бозучук суусунун жана Каракол Сарыжаз автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1730 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Каракол шаарынан 21 км чыгыш тарапта. Балыкчы темиржол бекетинен 253 км. Калкы 3152 (2005); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, үйбүлөлүк врачтар тобу, дарыкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, Бозучук соода-өндүрүш фирмасы, сүт заводунун бөлүмү, маданият үйү, клуб бар. Кыштакка жакын «Алтынбулак» жылуу суу менен дарылануучу жай иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]