Бозучук минералдуу суусу

Википедия дан

Бозучук минералдуу суусу дарыланууга жарамдуу ысык суу булактары. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, Каракол шаарынан 30 км чыгыш тарапта, Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы Бозучук суусунун өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 2200 м бийиктикте жайгашкан. Суу жергиликтүү элге илгертеден белгилүү. Булак борбордук бөлүгү граниттерден түзүлгөн антиклинорийдин түндүк капталындагы тектоникалык жарака аркылуу жер бетине чыгат. Булактардын дебити 1,72 л/сек. Химиялык курамы, физикалык касиети боюнча аз минералдашкан (0,8 г/л), азоттуу (99%), сульфат-хлорит-натрий-кальцийлүү арашан сууларына кирет. Суунун темп-расы 28-30°С. Түссүз жана даамсыз, бир аз күкүрттүү суутек жыттанат. Курамында литий, стронций ж. б. бар. Суудагы биологиялык активдүү компоненттер: эркин түрүндөгү СО2 (7 мг/л), H2S (7 мг/л), кремний кислотасы (38 мг/л) жана радон (43,9 эман). Б. м. с. дарычылык касиети боюнча белгилүү Кулдур (Хабаров крайы) минералдуу суусуна окшош. Суу менен муун, таяныч органдарын, нерв, ашказан, тери жана гинекология ооруларын дарылоого болот. Жергиликтүү эл пайдаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]