Боз тектир көрүстөнү

Википедия дан

Боз тектир көрүстөнү — б. з. ч. 6-3-кылымга таандык археологиялык эстелик. Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Чычкан суусунун оң жээгинде жайгашкан. Көрүстөн 40 дөбө-коргондон турат. Бийиктиги 2-5 м, диаметри 20-45 м дей. Көрүстөн 1972-ж. И. Кожомбердиев жетектеген археологиялык отряд тарабынан табылып, изилденген. 27 коргон казылып, тонолуп кеткендиги аныкталган. Буга карабастан, коргондон чопо идиштер, илбирстин башы түшүрүлгөн сүрөттөрү бар коло буюмдар, аттын ооздугу, канжардын сабы, жебенин учу жана башкалары табылган. Д. Ф. Винник.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]