Бойль-Мариотт мыйзамы

Википедия дан

Бойль-Мариотт мыйзамы ― газдын негизги мыйзамдарынын бири. Мыйзам боюнча турактуу температурада (Т), берилген массадагы идеалдык газдын көлөмү (V) анын басымына (Р) тескери пропорциялаш, башкача айтканда PV=const. Мыйзамды бир бири менен байланышсыз англис жана француз окумуштуулары Р.Бойль (1662-ж.) менен Э.Мариотт (1676-ж.) аныкташкан. Мыйзамга ылайык жүрүүчү процесс изотерма процесси деп аталат. Мыйзам идеалдуу газ үчүн так аткарылат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]