Бойль чекити
Бойль чекити - реалдык газдын p=pV координаталарындагы изотермасынын минимум чекити Р.Бойлдун ысымынан аталган.
Реалдык газдын Б. ч-не жакын жаткан изотерманын анча чоң эмес участокторун Клайперон теңдемесине PV=(M/μ)RT ылайык, идеалдык газга туура келген горизонталь түз сызыктын кесиндилери катары кароого болот, б. а. Бойль чекити берилген реалдык газга идеалдык газдын теңдемесин колдонууга боло турган температураны аныктайт. Ван-дер-Ваальс теңдемеси менен аныкталуучу реалдык газдын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу Бойль чекитинин сол жагында газдын кысылышын жеңилдеткен молекулалар аралык өз ара тартылуу күчү басымдуулук кылат, оң жагында кысылууга тоскоолдук кылган молекулалардын өздүк көлөмдөрүнүн таасири басымдуу болот. Реалдык газды идеалдык газдан айырмалаган бул факторлор Бойль чекитинин жанында өз ара компенсацияланат. Изотермалардын Бойль чекититерин туташтырган сызык Бойль ийрилиги деп аталат. Бойль ийрилигинин ордината огунда жаткан чекити Бойль температурасын (Тв) аныктайт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0