Бойль (Boyle) Роберт

Википедия дан

Бойль (Boyle) Роберт (25.1.1627, Ирландия Лисмор, 31.12.1691, Лондон) англия химик жана физик. Лондондогу Королдук коомду уюштуруучулардын бири. Адегенде дин жана философия менен алектенип, кийин химия жана физика боюнча изилдөө иштерине киришкен. 1665-ж. Оксфорд университетинин физика боюнча ардактуу доктору наамын алган. Химиялык элементтерге 1-жолу илимий аныктама берген жана химияга эксперименттик ыкманы киргизген. Химиялык анализдин баштоочусу болгон жана химия өзүнчө илим экендигин аныктаган. Бойльга физика боюнча да фундаметтүү илимий чоң эмгектер таандык. Ал 1662-ж. газ закондорунун бирин Бойлъ-Мариотт законун ачкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]