Бокин Токаш

Википедия дан

Бокин Токаш (25.4.1890, Жети-Суу обл., Верный уезди, 6-айыл 19.9.1918, Алматы) Жети-Суудагы 1916-ж. казак элинин улуттук-боштондук көтөрүлүшүн уюштургандардын бири. 1891-1906-ж. Верный шаарындагы гимназиядан билим алган. 1914-жылга чейин Верный уездинин сот органдары менен жер которуу башкармалыгында тилмеч болгон. 1914-16-ж. Санкт-Петербург шаарында сот палатасында кызмат өтөгөн. Бул мезгилде падыша өкмөтүнө каршы ар кандай саясий уюмдардын программалары менен таанышат. 1916-ж. элине келген Бокин казак калкынын улуттук-бошгондук көтөрүлүшүяүн Жети-Суу аймагындагы жетекчилеринин бири болгон. 1917-ж. большевиктер менен жакындашып, Жети-Суу облусунда Совет өкмөтүн орнотууга жигердүү катыша баштаган. Ал 1918-ж. 2-13-январда Жети-Суу облусунун эмгекчилер депутаттарынын 2-съездине катышат, андан соң Жети-Суу согуш-революция комитетинин мүчөлүгүнө шайланат. Саясий күрөштүн курманы болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]