Бокоев Мээрман

Википедия дан

Бокоев Мээрман (1942, Аксуу району, Ташкыя айылы) - ырчы.

  • Республикалык кароолордун, фестивалдардын бир нече жолку лауреаты.
  • 1959-61-ж. Түп райондук маданият үйүндө,
  • 1961-63-ж. Ысык-Көл обл. драма театрында ырчы,
  • 1963-65-ж. Кыргыз мамлекеттикТоктогул Сатылганов атындагы филармониясында А. * Айталиев, Э. Турсуналиев, К. Жакшылыков, Ж. Чабалдаев ж. б. менен иштешкен.
  • Элдик жана М. Баетовдун «Арпанын Алатоосунан», «Сагынам», «Ойгоном», А. Огонбаевдин «Күйдүмчок», «Гүл», «Ой, булбул», Ж. Шералиевдин «Эсен бол», «Көз алдымда элесиң», Б. Эгинчиевдин «Күлгүн жаш» ж. б. ырларын өзүнө мүнөздүү чеберчиликте аткарат.
  • 1965-96-ж. Түп, Жети-Өгүз райондук маданият үйлөрүндө эмгектенет.

Баш-аягы үч жыл райондук, обл., филармония сахнасында угармандарга өнөрүн тартуулайт.

Ардак грамоталар, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.