Болду эми күрөшө албайм өзүм менен
Болду эми күрөшө албайм өзүм менен
Мен сени көрбөйүн деп,
Көзүмдү жумуп алдым.
Көңүлүң бөлбөйүн деп,
Өзүмө-өзүм терең тунуп алдым.
А сенчи?
Эрте-кеч элес болуп,
Мелтиреп мерез болуп,
Көшөрүп кетпей такыр,
Көгөрүп көз алдымда туруп алдың.
Кагышын жүрөгүңдүн угуп турдум,
Коргошун болуп жаным уюп турдум,
Капилет кайып болуп кетким келип,
Карайлап канчага айлам куруп турдум,
Өзүмө-өзүм чөгүп,
Ансайын мелтиредим,
Өзүмдөн-өзүм качып,
Белгисиз туңгуюкта тентиредим.
Болду эми эрчибегин,
Боштондук берчи дедим,
Болбойле жаныма азап,
Анча эмне энчиледиң?
Болду эми,
Күрөшө албайм өзүм менен,
Утулдум окшойм чындап өзүмдө мен.
Жетишет! Жыям дагы бар күчүмдү,
Берем да өзүмө дем,
Кирпикти өйдө ыргытып,
Даяр бол, азыр... азыр,
Көздөрүм жолугушат көзүң менен!