Боливиялыктар

Википедия дан

Боливиялыктар (өздөрүн боливианос деп аташат) Боливия Республикасынын негизги калкы. Аргентина жана башка өлкөлөрдө да жашашат. Жалпы саны 3200 миң киши, анын ичинде Боливияда 3 млн, Аргентинада 150 миң. Испан тилинде сүйлөшөт. Дини католик, ошондой эле протестанттар да бар. Боливиялыктардин этностук негизин испан индей метистери (чоло) менен бара-бара ассимиляцияланып бара жаткан индейлер (каничана, каювава жана башкалар) түзөт. 1952жылдагы революция (агрардык реформа, кен чыга турган жерди улутташтыруу, индейлерге тең укуктарды берүү жана башка) Боливиялыктардын улуттук консолидацияланышына түрткү берди. Агрардык реформадан кийин община, айыл чарба кооперативдери, өнөржайлардын өнүгүшү активдештирилди. Боливиялыктар дыйканчылык, мал чарбачылык менен кесип кылышат. Чолонун көбү соодагер, майда кызматчы жана адис жумушчулар. Тамак-ашы негизинен кофе, пуна (картошка, буудай, жүгөрү) жана эт азыктары.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]