Болометр

Википедия дан

Болометр (гр. bole-нур жана. . метр) - нур энергиясын ченөөчү прибор.

Анын иштеши нур ченелүүчү сезгич элементке жутулганда, элемент ысып, электр каршылыгын өзгөртүшүнө негизделген. Сезгич элемент түрдүү металлдардын жука (0, 1-1 мкм) катмарларынан жасалат да, анын бети нурду жакшы жутсун үчүн каратылган күмүш катмары менен капталат. Сезгич элементтердин каршылыгы электрдик көпүрөчө схемасы боюнча ченелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.