Мекен Болотов

Википедия дан
Болотов, Мекен‎»‎ барагынан багытталды)

Болотов Мекен (1936-ж. т., Талас району, Ак-Жар айылы) — балдар жазуучусу, Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген ишмери (1993).
1961-ж. КМУнун филология факультетин бүтүргөн.
1961-жылдан Кыргыз мамлекеттик улуттук теле-көрсөтүү жана радиоуктуруу компаниясында кабарчы, редактор, башкы редактордун орун басары, улук редактор.
«Чындык жеңет» (1974), «Биздин айылдык балдар» (1978), «Жөргөмүштүн желеси» (1990) аттуу прозалык чыгармалар, «Он алты кыз» (1975), «Мен суктанган адам» (1980) аттуу очерктер жыйнактарынын автору, Феликс Лев, Александр Чак, То Хоай, Вардгес Петросян жана башкалардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
Радионун алтын фондусуна Болотовдун редакторлугу жана режиссёрлугу менен 50дөн ашык радиопьеса, радиоинценировкалар жазылып алынган. СССР телекөрсөтүү жана радиоуктуруу отличниги (1978), «Ардак белгиси» ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.