Болотту газсыздандыруу

Википедия дан

Болотту газсыздандыруу -эритилген болоттогу газды бөлүп чыгаруу. Газдар болоттун физикалык -тех. касиеттерине терс таасир тийгизгендиктен, 1950-жылдарда советтик илимпоздор А. М. Самарин менен Л. М. Новиковдун сунушу боюнча эритилген болотту куяр алдында мешсиз вакуумдук иштетүү ыкмасын колдонуп, составындагы газы эң аз таза болот алууга мүмкүн болду.

Бул ыкма дүйнөлүк практикада 1-жолу СССРде (1952) Енакиев металлургиялык заводунда өнөр жайлык сыноодон өттү. Мешсиз вакуумдук иштетүүнүн теориялык негизи көмүртектин кычкылданткыч жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана составындагы суутек, азот газдарын такыр азайтууга багытталган. Көмүртек менен кычкылтеги эң аз сандагы болот ийилчээк, бекем келет да, андан куймаларды жана сомдоп иштетилүүчү тетиктерди даярдоо ыңгайлуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.