Болотту электрдик эритүү

Википедия дан

Болотту электрдик эритүү - электр энергиясы менен атайын меш-терде болотту эритүү процесси.

Болот эритүүчү 1-электрдик жаа мешин 1899-ж. франц. инженер П. Эру түзгөн. СССРде ушундай "Электросталь" заводу 1917-ж. курулган. Болотту электрдик эритүү башка процесстерге караганда жогорку температураны пайда кылып жана мештин ички чөйрөсүн нейтралдык же калыбына келтирүүчү атмосферага, кээде вакуумга айландырууга шарт түзүп, сапаттуу легирленген болотту алууга мүмкүндүк берет. Катуу шихтадан болот эритип алуу процесси электрдик жаа же индукциялык мештерде электроддордун жардамы менен жүргүзүлүп, мында 1 т болотту алууда 500-700 квт-с тан (көмүртектүү Болот ) 1000 квт-с ка (легирленген Болот ) чейин электр энергиясы жумшалат. Болотту электрдик эритүү өндүрүшүндө баштапкы материал катарында мартен же конвертер болотунун эритилген чала продукциясы пайдаланылса, электрдик жаа мештеринин өндүрүмдүүлүгү 2 эсе жогорулап, 1 т болотту алууга жумшалган электр энергиясынын саны 300 квт-с тан ашпайт. Электрдик вакуум меши Болотту электрдик эритүүдө перспективалуу болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.