Болот-бетон

Википедия дан
Болот-бетон.

Болот-бетон портландцемент, кварц куму, болот кырындысынын аралашмасынан алынган бышык бетон. Конструкциясы бетон жана болот арматурасынын айкалышынан турат. Бетон негизинен кысуу, ал эми арматура чоюу күчүнө туруштук берет. Ал көпкө жешилбейт жана бекем, узакка чыдамдуу, калыптоого ийкемдүүлүгү менен артыкчылыкка ээ. Ал өнөржай имаратынын, панел үйдүн таманына төшөлөт, көпүрө курууда, гидротехникалык курулушта жана башкаларга кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]