Болот Куттубаев

Википедия дан

Куттубаев Болот Молдошевич (1951-ж. т., Фрунзе ш.) - балет бийчиси. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1980).

  • 1969-ж. Кыргыз мамл, М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынан балет классын бүтүргөн.
  • 1969-1991 - ж. Кыргыз улуттук академиялык А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында бийчи, балетмейстер. композиторлор А. Хачатуряндын «Спатагынан» Спартактын, К. Молчановдун «Макбетинен» Макбеттин, М. Раухвергердин «Чолпонунан» Нурдиндин, В. Власовдун «Аселинен» Аселдин, К. Молдобасановдун «Саманчы жолу» балет-ораториясынан Субанкулдун, У. Мусаевдин «Томирисинен» Кирдин, К. Молдобасанов менен Г. Окуневдин «Куйручугунан» Сарыбайдын, П. Чайковскийдин «Ак куу көлүнөн» Ромбарштын, Б. Асафьевдин «Бахчисарай фонтанынан» Гирейдин ж. б. балеттерден башкы партияларды аткарат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.