Болот Миңжылкыев

Википедия дан
Миңжылкыев Болот Абдуллаевич

Миңжылкыев Болот Абдуллаевич (23. 3.1940, Фрунзе – 16. 8. 1997, Санкт-Петербург, сөөгү Бишкекке коюлган) – опера ырчысы (бас), Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгынын (1976), Кыргыз ССР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын (1976), СССР мамлекеттик сыйлыктын (1985) лауреаты, СССР эл артисти (1977).

1961-жылы Кыргыз опера жана балет театрынын студиясында окуган. 1966-жылы Ташкент мамлекеттик консерваториясын бүтүргөндөн Кыргыз опера жана балет театрынын солисти, ошол эле мезгилде 1971-жылдан Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунда окутуучу болуп иштеген. Тубаса кооз тембрлүү, диапазону кенен үндүү ал консерваторияда окуп жүргөндө эле Орто Азия жана Казакстан музыкант-аткаруучуларынын биринчи конкурсунун лауреаты болгон. Б.Миңжылкыев 1968–71-жылдары Миландын Ла-Скала театрында стажировкадан өтүп, ырдоо чеберчилигин өркүндөткөн. 1992-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Санкт-Петербургдагы Мария опера жана балет театрында иштеген. 20-кылымдын 2жарымындагы дүйнөлүк эң мыкты опера ырчылардын бири. Көрүнүктүү партиялары: Коңурбай (А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере, «Манас», 1966), Тегирменчи (А. Даргомыжский, «Суу периси», 1966), Мефистофель (Ш. Гуно, «Фауст», 1967), Комиссар (К. Молчанов, «Белгисиз солдат», 1967), Борис Годунов (М. Мусоргский, «Борис Годунов», 1972), Нилакант (К. Делиб, «Лакме», 1972), Пётр (А. Петров, «Пётр 1», 1977) ж. б. 1973-жылы Софияда өткөн Вокалисттердин эл аралык конкурсунда алтын медалга жана лауреат деген наамга, Тулузада (Франция) өткөн вокалисттердин конкурсунда Гран-приге татыктуу болгон. ССР Союзунун Чоң театрынын сахнасында, Ленинграддын академиялык опера жана балет театрында, ошондой эле жекече концерттер менен радио жана телекөрсөтүүгө чыгып, жаштардын бүткүл дүйнөлүк форумдарында, фестивалдарда ырдоо менен таланттуу ырчынын ысмы дүйнөгө таанылган. Ал АКШ, Италия, Франция, Болгария, Польша, ГДР ж. б. өлкөлөрдө гастролдо болгон. Санкт-Петербургдагы Мария, Кыргыз опера жана балет театрларында музейи ачылган. Бишкектин бир көчөсүнө ысмы берилген. СССР Жогорку Советине жана Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болгон. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]