Болот эритүү
Болот эритүү эритүүчү меште чоюнду жогорку температурада иштетип, курамындагы көмүртекти азайтуу менен болот куймаларын даярдоо. 1-жолу болот эритүүчү электрдик меш (электр дугалык) 1899-ж. фр. инженер П. Эру тарабынан сунушталган. Башка процесстерге салыштырганда бул учурда температура өтө жогорулап, мештин ичинде нейтралдык же калыбына келтирүүчү атмосфера пайда болуп, кээде вакуумга айландырууга шарт түзүп, сапаттуу легирленген болот алууга мүмкүндүк берет. Катуу шихтадан болот эритүү процесси электрдик же индукциялык меште электроддун жардамы менен жүргүзүлүп, 1 о болотту алууга 500-700 кВт Цтан (көмүртектүү Б.) 1000 кВт Цка (легирленген болот) чейин электр энергиясы жумшалат. Мындай эритүү өндүрүшүндө баштапкы материал катары мартен же конвертер болотунун эритилген продукциясы пайдаланылса, электр дугалык мешин өндүрүмдүүлүгү 2 эсе жогорулап, 1 о болотту алууга жумшалган электр энергиясы 300 кВт Цтан ашпайт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4