Болот (дастан)

Википедия дан

Болот — дастан. Дастандын негизги каармандары Болот менен Нурайым. Буларды коштогон тагдырлаш, максатташ достору Калдар, Нурила, Бекчеке, Акседеп. Ушул үч тагдыр, үч махабат, үч баатыр, үч сулуу туурасында сөз болот. Жубайлар баш кошконго чейинки тоскоолдуктар, алардын көргөн азап-тозоктору «баатырдык үйлөнүү» салтынын алкагында кызыктуу баяндар аркылуу айтылат. Адаттагыдай эле залим, ачкөз хандар Обулбай, Дөөлөтбек, балбан-баатыр Бөкчө сулуу кыздарды тартып алуу аракеттерин жасашат. Окуянын аягы жомоктук ыкма менен бүтөт, башкача айтканда ашык жарлар тилеген тилегине, максаттарына жетет. Чыгарма элдин турмушун, ашыктык сезим мамилелерин, этнографиялык материалдарды жана коомдук-социалдык абалдын өткөндөгү тарыхын чагылдырат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]