Больцман Людвиг

Википедия дан

Больцман Людвиг (20. 2. 1844, Вена 5. 9. 1906, Дупно) — австриялык физик, статикалык физикага жана физикалык кинетикага негиз салуучулардын бири. Вена ИАнын (1895) жана бир нече өлкөнүн академиясынын мүчөсү. 1866-ж. Вена университетин бүткөн. Ал ошол мезгилде эле физиканын бардык тармактары жана математиканын кээ бир бөлүмдөрү боюнча илимий иш жүргүзгөн. Алардын ичинен маанилүүлөрү — газдардын кинетикалык теориясы жана термодинамиканын статикалык негизделиши. Ж. Максвеллдин газ молекулаларынын ылдамдыктарынын бөлүштүрүү законун сырткы күчтөр талаасындагы газдарга колдонуп, «Больцман бөлүшгүрүүсү» деген формуланы аныктаган (к. Больцман статистикасы). Идеалдык газдардын кинетикалык теориясына статистикалык методдорду колдонуп, газдардын кинетикалык теориясынын негизги теңдемесин чыгарган. Больцмандын эң негизги эмгектери кайталанбас процесстерди изилдөө жана термодинамиканын экинчи башталышын статистикалык жол менен түшүндүрүү маселелерине арналган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]