Больцман турактуулугу

Википедия дан

Больцман турактуулугу – физиканын негизги турактууларынын бири; газ турактуулугунун (R) Авогадро турактуулугуна (NA) болгон катышына барабар, К менен белгиленет.

Л.Больцмандын ысымында аталат. Больцман турактуулугу К=1,380662(44)·10-23 Дж/К. Бул маани R жана NA нын негизинде алынган. Больцман турактуулугунун маанисин, мис., жылуулук нурлануу закондорун тажрыйбада текшерип аныктаса болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]