Бомба

Википедия дан

Бомба (лат. bombus дүрүлдөө, дүңгүрөө) 1) артиллериялык снаряддын эски аталышы. 19-кылымдан баштап, орус артиллериясында салмагы 1 пуддан (16 кг) ашкан снаряд бомба деп аталган (андан жеңили граната). 2) Авиациалык бомба авиациалык курал-жарактардын бир түрү. Ядролук, фугастык, жарылып чачырагыч, броня жаргыч, танкага, кемеге каршы жана башка түрлөрү бар. 3) Суу астындагы кайыктарды кыйратуучу снаряд. Мындан тышкары, диверсиялык максатта даярдалган колдо жасалган снаряддар да бомба деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]