Бомбалоочу авиация

Википедия дан

Бомбалоочу авиация согуш авиациясынын кургактагы же деңиздеги объектилерди бомба жана ракета менен кыйратуучу түрү. Авиациянын милдетине жана учуу тактикалык көрсөткүчтөрүнө ылайык, бомбалоочу авиация фронттук жана стратегиялык (АКШ армиясында тактикалык жана стратегиялык) болуп бөлүнөт. Фронттук бомбалоочу авиация кургактагы аскер күчтөрүнүн аракетин колдоого, стратегиялык бомбалоочу авиация душман тылындагы объектилерди бомбалоодо пайдаланылат. АДФ аскерлеринин аракетин сүрөмөлөө үчүн да колдонушат. Бомбалоочу авиациянын негизги куралы башкарылуучу жана башкарылбоочу ракеталар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]