Боналар

Википедия дан

Боналар (фр. bon) мамлекеттик казыначылык, айрым мекемелер жана ишканалар тарабынан чыгарылган карыз милдеттенмеси; 2) майда акча түрүндө убактылуу айланууга чыгарылган кагаз акча белгилери. Каппталисттик өлкөлөрдө казыналык боналар мамлекеттик кредиттин бир формасы болуп саналат. СССРде 1922-24-ж. акча реформасына чейин майда акча купюраларынын жетишсиздигине байланыштуу мамлекеттик мекемелер жана ишканалар тарабынан чыгарылган. Акча реформасынан кийин боналар чыгаруу токтотулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]