Бонвало Пьер Габриэль Эдуард

Википедия дан

Бонвало Пьер Габриэль Эдуард (13-июль, 1853-ж. – 10-декабрь 1933-ж.). Француз чыгыш таанучусу. Ал Борбордук Азия жана ага чектеш аймактарда жана Тибетте изилдөөлөрүн жүргүзгөн. Кыргызстандын аймактарында болгон жана ал тууралу эскерүүлөрдү жазган. Ал Франциядагы Об департаментинин Эпань коммунасында жарык дүйнөгө келген. Мектепти Труадан окуган. 1880-1882-жж Россия империясынын курамындагы Борбордук Азияга саякат жасап, артка кайрылганда Бухара, Каспий деңизи, Кавказ аркылуу Францияга кайтып келген. Анын саякаттарын жана изилдөөлөрүн Франциянын Билим берүү министрлиги каржылап турган. Андан соң, 1886-жылы Бонвало Борбордук Азияга Гийом Капю жана ботаник, этнограф Альберт Пенин үчөө биргеликте саякат жасашкан. 1886-жылы Ташкенттен чыккан экспедициялык топ, Афганистандын чек араларына чейин жетишкен. Кышты Самарканддан өткөрүшүп, Памирдин түндүгү аркылуу түштүк тарапка, Кытайга барууну максат кылып коюшкан. 1887-ж. кыргыздар жашаган Алай өрөөнү аркылуу Памирге барууга аракет жасалган. Алайда Курманжан датканын балдарына жолугуп, алардын сыйын көргөн. Мамытбек (Makmud) Бонвалого өзүнүн иниси Мырзапаяс баш болгон жигиттерди кошуп берип, экспедициялык топко жардам берген. Бонвало өзүнүн саякатнамелеринде Алайда Курманжан датканын Мамытбек, Батырбек (Batir-beg), Мырзапаяс (Mollah Baias) менен жолуккандыгын жазат. Алайлык кыргыздардын уруулук түзүлүштөрү, жер аттары, алардын каада-салты, жашоо шарты, кийим-кечеси (tchalvar), музыкалык аспаптары (domburak), “Манас”(Menas) дастаны жөнүндө да кыска маалымат берет. Бонвалого бул экспедициясы үчүн Парижде Франциянын географиялык коомунун сыйлыгы тапшырылган. Андан кийин, 1889-жылы Бонвало Тибетке баруучу экспедицияны жетектеген. Бонвало өзүнүн экспедициялары аркылуу Франциянын согуштук жана саЯсий күчүн көрсөтүүнү максат кылган. 1893-ж. Алжирге баргандан соң, көзкарашы өзгөрүп, ультра-оңчул жана колониалдык саясатты колдогон, улутчулдук саясатка ооп кеткен. 1894-ж. Франциянын тышкы колониалдык саясатты жактаган уюмдун түзүүчүсү болгон. 1902-1906-жж. Франциянын Парламентине депутат болуп шайланган. 1912-1920-жылдары өзү туулуп өскөн Об провинциясындагы Бриен-ле-Шато шаарында мэр болуп иштегенге үлгүргөн. 1933-ж. 10-декабрда Парижде көз жумган.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. En Asie Centrale. De Moscou en Bactriane (1884)
  2. En Asie Centrale. Du Kohistan à la Caspienne (1885)
  3. Du Caucase aux Indes, à travers le Pamir (1888)
  4. Through the Heart of Asia Over the Pamir to India (1889)
  5. De Paris au Tonkin à travers le Tibet inconnu, ouvrage contenant cent huit illustrations d'après les photographies prises par le prince Henri d'Orléans (1892)
  6. L'Asie inconnue, à travers le Tibet (1896)
  7. Sommes-nous en décadence ? (1899)
  8. Propos d'un Français (1911)
  9. Une lourde tâche (1913)
  10. Voyages. Les Chercheurs de routes. Marco-Polo (1924)

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015