Бондapeв Юрий Васильевич

Википедия дан

Бондapeв Юрий Васильевич (15. 3. 1924-ж. т., Омск) орус жазуучусу, Социалистик Эмгектин Баатыры (1984). Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. М. Горький атындагы адабий институтун бүткөн (1951). 1949-жылдан чыгармалары жарыялана баштаган. «Ок сураган батальондор» (1957), «Акыркы атышуу» (1959) деген повесттери жазуучуга ийгилик алып келген. Бондаревдун «Ысык кар» (1969) аттуу романында Сталинграддагы салгылашуу чагылдырылган. «Тынчтык» (1962), «Жээк» (1975), «Тандоо» (1980), «Оюн» (1985), «Азгыруу» (1991) романдарынын, ошондой эле «Көз ирмем» (1972) лирика-философиялык публицистикасынын автору. Бондарев СССР мамлекеттин сыйлыгы (1977, 1980, 1983) жана Лениндик сыйлыктын лауреаты (1972).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]