Бонитет
Бул макалага Бонитировкалоо макаласынын мазмунун көчүрүп, ал жактан багыттама коюу керек. Сиз макалаларды бириктирип долбоорго жардам бере аласыз.
Бириктирүүнүн максатка ылайыктуулугун талкуулоо талап болсо, бул калыпты {{бириктирүүгө}} калыбына алмаштырыңыз жана Уикипедия: Бириктирүүгө барагында тиешелүү жазуу жүргүзүңүз. |
Бонитет (лат. bonitas сапаттуу) жаратылыш ресурстарын баалоо жана айыл чарбага жарактуу жерлерге, топуракка, токойго, жаныбар менен өсүмдүк дүйнөсүнө жана башкаларга салыштырмалуу мүнөздөмө берүү үчүн колдонулган шарттуу көрсөткүч (балл). Адатта, ал ресурстун конкреттүү түрүн пайдалануу эсеп-кысабынын негизинде аныкталат. Эң белгилүүсү токой бонитети; ал токойдун бир участогунун табигый шартка жана адамдын токойго тийгизген таасирине байланыштуу чарбалык өндүрүмдүүлүгүнүн көрсөткүчү. Басымдуулук кылган бак-дарактын орточо бийиктиги боюнча (орточо жашы эске алынып) аныкталат. Токой бонитети (жыгачтын сапатына ылайык) беш класска (I классы өтө өндүрүмдүү; V классы эң төмөн сапаттуу) бөлүнөт. Ал эми топурак бонитети жер участогунун табигый касиеттеринин сапаттуу мүнөздөмөсү, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн жалпы көрсөткүчү. А Конушбаева.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы»: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4