Бонификация
Бонификация (фр. bonification , орто кылымдагы лат. bonifico – жакшыртуу) – 1) сапаты келишимде каралган стандарттан, негизги кондициядан жакшы болгон товардын баасына кошумча; 2) чет жакка ташылып кетип жаткан товарлардын дүйнөлүк базардагы атаандаштыгын арттыруу максатында алардан алынган салыктарды кайтаруу; 3) карыз алуучулардын айрым катмарларына берилген, кредит боюнча үстөк пайыздын көлөмүн азайтууга мүмкүндүк түзүүчү мамлекеттик субсидия; 4) мамлекеттик зайымдарды кармоочулар тарабынан аны конверсиялоодо бир ирет берилүүчү акчалай мүчөлүк акы.
== Колдонулган адабияттар ==
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7