Боннэр, Елена Георгиевна

Wikipedia дан

Елена Боннэр (1923-2011)- Орусиянын чыгаан укук коргоочусу жана академик Андрей Сахаровдун жесири.

Кыскача өмүр жолу[оңдоо]

Елена Боннэр 1923-жылы 15-февралда советтик Түркмөнстанда Мары шаарында партиялык кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган.

Анын туулгандагы ысымы – Лусик Алиханова.

Атасы – армян тегиндеги Геворк Саркисович, Коминтерндин кызматкери болчу. Сталиндик репрессияга жазыксыз кабылып, 1938-жылы 13-февралда атылган.

Энеси – жөөт тегиндеги Руфь Григорьевна Боннэр 1937-жылы 10-декабрда камалып, 1938-жылы 22-мартта 8 жылга Карагандыга лагерге кесилген. 1954-жылы Елена Боннэрдин ата-энеси толук акталган.

18 жашында Улуу Ата мекендик согушка кетип, аскердик-дарыгердик поездде эмчи (медсестра) болуп иштеген жана оор жаракат алган.

Уруштан соң Ленинград медициналык институтун аяктаган. “Дарыгерлердин иши” тууралуу өз сын пикирин ачык айтканы үчүн аны бул окуу жайдан чыгарып да салышкан, бирок Иосиф Сталин өлгөн соң окуу жайга кайра кабыл алышкан.

Биринчи күйөөсү Иван Васильевич Семёновдон эки бала (бир кыз, бир уул) төрөгөн. Татьяна 1950-жылы, Алексей 1056-жылы туулган. Алардын атасы Иван Семёнов менен 1965-жылы ажырашкан.

1965-жылы Елена Боннэр КПССке мүчөлүккө кабыл алынат (муну ал өз тагдырындагы эң олуттуу катачылыктардын бири деп санаган).

1972-жылы КПССтин катарынан чыгат да, укук коргоо жаатында ырааттуу алектене баштайт.

1972-жылы академик Андрей Сахаровго турмушка чыгат.

Елена Боннэр саясий камактагылардын балдарына жардам берүү үчүн атайын кор уюштурат.

1975-жылы академик Андрей Сахаровго Нобел Тынчтык сыйлыгы ыйгарылганда, күйөөсүнүн өкүлү катары Ослодогу сыйлык тапшыруу аземине катышкан.

1976-жылы 12-майда “Маскөө Хелсинки тобун” негиздеген документке кол койгондордун арасында болду.

1980-жылы күйөөсү Сахаров менен чогуу Горький шаарына сүргүнгө айдалды.

1984-жылы Горький облустук соту тарабынан РСФСР Кылмыш кодексинин 190-1-беренесине ылайык (советтик коомдук жана мамлекеттик түзүлүштү каралоо) айыптуу деп табылып, жазасын күйөөсү сүргүндө жүргөн Горький шаарында өтөгөн.

“Кайра куруулар” доорунун башаттык учурунда, 1986-жылы декабрда, күйөөсү менен кошо кайра Маскөөгө кайтып келген.

1994-жылдын 28-декабрына чейин пост-советтик Орусиянын президентине караштуу Адам укуктары боюнча комиссияга мүчө болгон.

Чеченстандагы согуш аракеттерин айыптап, бул комиссиянын курамынан чыгып кеткен.

Елена Георгиевна Боннэр академик Андрей Сахаров атындагы корду жетектеп келди.

Ал 2008-жылы августта Орусиянын бийлигин Түштүк Осетиядагы согуш аракеттери үчүн айыптаган.

Боннэр 2010-жылдын 10-мартында Орусиянын оппозициячыл күчтөрүнүн жалпы орусиялык атуулдарга багытталган “Путин кызматтан кетүүгө тийиш” деп аталган кайрылуусуна биринчи болуп кол койгон.

Елена Боннэр соңку жылдары АКШнын Бостон шаарында байырлады.

2011-жылдын 18-июнунда Елена Боннэр 88 жашында АКШнын Бостон шаарында дүйнөдөн кайтты.

Боннэр жана кыргызстандыктар[оңдоо]

Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбек Акун Елена Боннэрдин дүйнөдөн кайтканын өзгөчө кайгылуу кабар катары кабыл алганын “Азаттык” үналгысына 19-июнда курган маегинде баса белгиледи:

- Тубаса укук коргоочу болчу. Анан талыкпаган, ушунчалык кыска сүйлөгөн, узун сүйлөгөндү жактырбаган, бардыгын бетке айткан адам эле. Ельцинге да, Горбачовго да, бүткүл дүйнөлүк диктаторлорго да каршы күрөшүп келген аябай өжөр, талыкпаган укук коргоочу эле.

Турсунбек Акун Боннэрди күйөөсү Андрей Сахаровдун ишин ырааттуу уланткан инсан катары да баалай турганын айтты.

- Елена Георгиевна Боннэрдин ишмердүүлүгүнүн эң чоң мааниси - ал Сахаровдун бүтпөй калган иштерин бүткөрдү деп эсептесек болот. Бүткүл дүйнөгө Сахаровдун идеясын таратып, анын көргөн кыйынчылыктарын, жети жыл Горькийде сүргүндө жүргөнүн маалымдап тараткан. Эң бир дүйнөгө белгилүү укук коргоочу катары анын мурастарынын баарын дүйнөгө жеткирди.

Боннэр айым кыргызстандык укук коргоочуларга да астейдил мамиле кылып, орчун учурларда аларды колдоого алып турган.

1990-жылдардын башынан бери Кыргызстандагы укук коргоо кыймылынын демилгечиси жана жетекчиси болгон Турсунбек Акун буларды эскерди:

- 2002-жылы Аксы окуясында атайын ачкачылык жарыялап, Азиза Абдурасулова, аксылыктар нааразылык чарасында болуп жатканда Елена Боннер бизге баласын (өкүлүн) жөнөткөн. Баласы бизге кеңештерин берип, Елена Георгиевнанын атынан келип үч күн жаныбызда жүргөн. Ушунчалык бизге дем берип кеткен. Ошондуктан Боннэрдин идеясы Кыргызстанда да жайылып жатат.


Боннэрдин акыркы сөздөрүнөн[оңдоо]

Елена Боннэр, Андрей Сахаров, С.Каллистратова. 1986-жыл


2010-жылы 26-декабрда Елена Боннэрдин соңку сөзү Орусиянын борборундагы Пушкин аянтына чогулган “Маскөө - баары үчүн” деген нааразылык жыйынынын катышуучуларына Виктор Шендерович тарабынан окулуп берилген.

Анда Елена Боннэр мындайча оюн жазган болчу:

“Мен – маскөөлүкмүн, “кавказ тегиндеги” жөөтмүн. 1941-жылы өлкөнү коргоого катышкам, 45-жылы сүйүнүчтөн ыйлагам. 53-жылы “дарыгерлерге каршы” козголгон ишке каршы наарахылык билдиргем. 1937-жылдын жаз мезгилинен бери бардык жылдар бою эмнеси болсо да апам Карагандыдагы лагердик абактан келет ко деп күткөм. Апам кайтып келип, эшиктин коңгуроосун басканда, аны тааный албай, апамды кайсы бир тилемчи экен деп кабыл алыпмын. Аттырылып кеткен атамды жылдар бою эстеп, көз жашым дайрадай агып келди. Атамдын ашказанында жара бар эле, ар күнү кечкурун ал: “Люся-жан, мага грелкага суу толтуруп берчи, ичим ооруп жатат”, - деп айтаар эле. Чоң энемди кошуп да ыйлачумун, а киши 37-жылдан бери үч жетимди багып чоңойтуп, кийин камалоого алынган Ленинградда жарык дүйнө менен кош айтышкан. Өмүр бою азап чегип өткөм, апамды абакка отургузушканы үчүн да, аны кийин тааный албай калганым үчүн да өзүмдү күнөөлүү сездим. Атамды атып салышканы үчүн, Востряков көрүстөнүндө атамдын эстелиги турганы, анын маңдайы бош калып жатканы үчүн да өзүмдү күнөөлүү сездим. Чоң энем менен чогуу камалоодогу Ленинградда өлбөй калганым үчүн күнөөлүүмүн. Мага Атажуртту коргоо керек болчу! Атажуртту! Эми болсо атамекенди сактоого каруум жок болуп калды. Атүгүл өзүмө грелкага суу толтурууга да чамам жок. Деги, Атажуртту кантип сактоого болот? Муну мурда да биле бербедим, азыр да билбейм. Мени да 26-декабрда Пушкин аянтына келгендердин сабында деп эсептеп койгулачы. Мени, бутум жылбай калганына карабастан, кайра да Атажуртту коргоо үчүн бул аянтка келди деп санагылачы!”

Ал тууралуу эмгектер[оңдоо]

Интернет барактарындагы шилтемелер[оңдоо]