Мары шаары
Мары шаары - Түркмөнстандын Мары вилайетинин ордо шаары.
Кыскача тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мары (Mary) шаарынын мурдагы тарыхый аталыштары - Мерв жана Маргиана болгон.
Мары шаары Борбордук Азиядагы Кара-Кум чөлүндө жайгашкан оазис жерде орун алган. Шаар Мургап (Мургаб) дарыясында жайгашкан.
2009-жылы шаар калкы 123 000 тургундан турган (1989-жылы 92 миң киши жашаган).
Мары шаары байыртадан эле Улуу Жибек Жолунун таманында жайгашкан. 1884-жылы шаарды падышалык Орусия каратып алган. Ошол жылы орустар шаарда өздөрүнүн бекемделген жайын тургузган.
1918-жылы августта Мары шаарынын жанында Кызыл аскерлер менен пенжабдык жоокерлерден турган британдык кошуун салгылашкан.
1968-жылы шаардан батышыраак 20 чакырымдай жерден газ кени табылган.
Чарбасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мары шаары Түркмөнстандагы чоңдугу боюнча төртүнчү ири шаар.
Анда газ жана пахта иштеп чыгуу, ж.б. ишканалар жайгашкан.
Маданияты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мары шаарында аймактык ири музей жайгашкан.
Шаарда байыркы Мерв шаар чалдыбары бар.
Шаардын башкы футбол клубу "Мерв Мары" деп аталат.
Марыда туулган же байырлаган тарыхый инсандар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бул шаарда дарыгер жана тарыхчы Шараф аз-Заман Тахир Марвази туулгандыгы жоромол кылынат.
- Агаджанов, Сергей Григорьевич — чыгыш таануучу [1];
- Алиханов-Аварский, Максуд — орусиялык кол башчы, генерал, Мерв жана Тифлис губернатору;
- Асадов, Эдуард Аркадьевич — орус совет акыны, прозаик;
- Ата Салих — түркмөн эл акыны [2];
- Ата Атажанов (Атаджанов) — түркмөн совет жазуучусу [2];
- Ахмедов, Вели — түркмөн композитору [3];
- Багиров, Эдуард Исмаилович — орусиялык жазуучу;
- Боннэр, Елена Георгиевна (Лусик Алиханян) — совет жана орус коомдук ишмери, укук коргоочу (академик Андрей Сахаровдун жубайы);
- Гордеев, Владимир Дмитриевич — СССРдин спидвей боюнча чемпиону, спортчу;
- Сатунц (Сатян), Арам Мовсесович] — армян совет композитору;
- Шакирова, Элен Рафаэловна|Шакирова (Бунатьянц), Элен Рафаэловна — орусиялык (мурда - советтик) баскетболчу айым.
Адабият тизмеси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Ал-Марвази Шараф ал-Заман Тахир. Глава о тюрках из трактата / Публ.,
пер. и введ. А. Храковского // Труды сектора Востоковедения АН КазССР. 1959. – Алма-Ата, 1959. - Т. 1.
- Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – Рецензент: тарых илиминин доктору Өмүркул Караев. - ISBN 5-89750-028-2.
- Заходер Б.Н. Каспийский свод сведений о Восточной Европе. T.II. Булгары, мадьяры; народы Севера, печенеги, русы, славяне. - М.: Наука, 1967. - С.35, 36, 39, 63.).
Шериктеш (бир тууган) шаарлары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Ахалтеке аргымагы
- Агаджанов, Сергей Григорьевич(жеткиликсиз шилтеме)
- Салих — түркмөн эл акыны(жеткиликсиз шилтеме)
- Туризм жайлары
- Биография.ру | Biografija.ru | А | Ахмедов, Вели — түркмөн композитору